Бишкек шаарындагы "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу 25-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалымдады.
Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылкы чечимине, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылкы, Жогорку Соттун 2015-жылкы токтомуна ылайык, экс-мэр Нариман Түлеев жана башка жооптуу кызматкерлер күнөөлүү деп табылганын, алардын мүлкү конфискацияланганын билдирет мекеме. Жогорудагы соода борбору ушул жагдайга байланыштуу алынган.
Эми соода борборунда иштегендер менен ижара келишимдери жаңыртыла турганы айтылды. Бул боюнча ижарачыларга эскертүү берилди.