Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов президентти "жалганчы" атаган Байсаловго жооп берип, анын өзүнө суроо узатты

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов оппозиционер Эдил Байсаловдун 25-апрелдеги билдирүүсүнө комментарий берди.

Байсалов элди адашууга түртүп жатканын айтат Үсөнов.

Президенттик аппарат убагында өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин үлүшү болгон Түркиядагы "Гүлжанлар" компаниясына тийиштүү буга чейин тараткан маалыматын бекемдеп, Түркияга барган Байсалов мурда 90 пайыз акциясы президентке таандык болгон ишкананы таап, азыркы аталышын сүрөткө тартып алса болмок экенин билдирди.

Байсалов бүгүн президенттик аппараттын "Гүлжанлар" ишканасы сатылгандан кийин аталышы "Электромед" болуп өзгөргөн" деген маалыматын жалганга чыгарган эле. Оппозиционер аталган эки компания бири-бирине байланышы жок, таптакыр эки башка ишкана экенин, президент коомчулукту алдап жатканын айтууда.

"Гүлжанлар" компаниясынын (сүрөттө) баасы боюнча Байсалов айткан маалыматтар четке кагылды.

"Сүрөт жана видеодон көрүнүп турат, мекеменин имараты эле бир нече миллион долларды чапчыйт. Анда жабдуулар дагы бар. Жалпы караганда бул аз эмес акчага бааланган ийгиликтүү бизнес эле.

Дагы бир жолу эскертким келет, "Arkan & Ergin Grant Thornton" компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун жыйынтыгына ылайык, 2002-жылдын 31-декабрына карата бардык активдердин реалдуу наркы 33,7 миллион долларды түзгөн. Тийиштүү үлүшүн базар баасында сатуудан кийин Алмазбек Атамбаев 35 миллион доллар киреше алган. Ошондуктан Байсалов өзүн жана башкаларды адашууга түртүп жатат", - деди Алмаз Үсөнов.

Президенттик аппараттын өкүлү Байсаловго да суроолорду узатты. Байсаловдон кантип күтүүсүз жерден Ысык-Көл облусунан батирлүү болуп калганын, бир тууганына Бишкек шаарынан 2 чоӊ үй, батир кандайча катталып калганын, Ысык-Көлдүн жээгинен 4 жер тилкесин кайсы акчага сатып алганын, ал жерге ким коттедж куруп жатканын, акыркы жылдары туруктуу бир жерде иштебеген Байсалов акчаны кайдан таап жатканын сурады.

Байсалов азырынча жооп кайтара элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан