Авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына ӨКМнын атайын эсебинен каражат которулду

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон "Боинг-747" авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын персоналдык банктык эсептерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин атайын эсебине түшкөн каражат бөлүнүп, которулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын эсепке калк тарабынан 100 миллион 499 миң 300 сом түшкөн.

"Жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулду. Ошондой эле жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, ар кандай механизмдерге жол бербөө үчүн, үй сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттар башкаруу мамлекеттик комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп турат", - деп билдиришти өкмөттөн.

Турак жай сатып алууга каражат берилгендигине байланыштуу, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүн мамлекет тарабынан каражат төлөп убактылуу жайгаштыруунун зарылдыгы жок экени белгиленет маалыматта. Буга байланыштуу алар менен макулдашылып, алар жашаган убактылуу турак жайлар бошотулат.

Ошондой эле "ACT Airlines" түрк авиакомпаниясы тарабынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bilbeim.dordoi
2017-04-27 13:08:54
Ишенбейм арбиринин эсебине которулганына
-1
A.Alymbek
2017-04-27 13:13:49
суммасын жазып койбойбу? алды мынчадан арты мынчадан алды деп. ?
0
KGstan1981
2017-04-27 13:19:30
Жуктун ээсине 360 млн $ ал эми жабырлануучуларга 500мин $ жетпеген акча которулду деп жатышат.Мына буну накта адилетсиздик деп айтат.
+1
meni_kut
2017-04-27 13:34:37
отчет жокпу окмотто?мынча калды деген?
0
AykaMer
2017-04-27 22:23:26
meni_kut,Кордунбу? Бул жакта толоду деп эле айтып жатат. Ары жакта митингке деп олуп жатат.... Ач коздордун кылган иши да ал. Сен тормоз аларга кошулуп алыпсында акылдуум болуп корунуп...
0
mr.ulan89
2017-04-27 23:06:09
AykaMer,ошо которулбаган учун айтып жатышат да
0
baltabai
2017-04-27 13:38:19
Өкүмөт кечке жардам берет экен ДА
0
madina.87
2017-04-27 13:41:22
Мынча жабырлануучуга паланча сомдон болунду дебейсинерби?
0
jonny_82
2017-04-28 11:44:39
Элдин акчасы болгондон кийин, өкмөт отчет берип турсун элге,бир сомуна чейин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан