"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык эмес" деп эсептейт. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт бир жылдык отчёт берип жатканда билдирди.
Анын айтымында, өкмөт менен эл аралык институттардын ички дүң продукциясынын өсүшү боюнча берип жаткан көрсөткүчтөрдүн айырмачылыгы абдан чоң.
"Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча 2015-жылга ИДПнын киши башына болгон көлөмү 1 113 долларды түзсө, ал эми 2016-жылда 956 доллар болуптур, бул 16 пайыз төмөндөдү дегенди билдирет. Жумушсуздуктун көрсөткүчү 2010-жылы жалпы калктын 4 пайызын түзсө, 2016-жылы 8 пайыз болду. Жумушсуздук азайбай эле, тескерисинче, эки эсеге көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө өкмөт “Коопсуз шаар”, “Кытай-Кыргыз-Өзбекстан” темир жолун куруу жана “Кумтөр” маселесин чечүү долбоорлорунан алыстап кетти. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун алып барган саясаты натыйжасыз деп эсептейм", - деди ал.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк жана "Республика - Ата Журт" фракциясы өкмөттүн бир жылдык ишин "канааттандырарлык" деп табышкан. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2016-жылкы ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа берген.