Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш тилкесинде жер көчкү түштү

Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш тилкесинде жер көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү саат 00:30 чамасында жүргөн. Анын көлөмү болжол менен 18 миң метр куб. Көчкү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшкөн.

"Көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон. Жер көчкү дарыянын нугун тосуп калуу коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 36 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү каралууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Азыркы тапта Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 36 турак жайдын жашоочуларына эскертүү берилип, айылдык башкармалыктын көзөмөлүнө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан