Башкы прокуратура "Занозага" каршы сотко бешинчи доо арыз берди

Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча "Заноза" сайтына каршы сотко доо арыз берди. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктап, доо арыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна 20-апрелде берилгенин билдиришти. Бирок доо арызда эмнелер камтылганын айтышкан жок.

"Заноза" сайтынын жетекчиси Нарын Айыптын айтымында, доо арыз 30-март күнү жазылган макала боюнча берилген.

"30-март күнү "Сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар" аталышындагы жыйын өткөн. Анда Чолпон Жакупова сөз сүйлөп, "Президент журналисттерге асылып алды. Сот бүтө электе эле акчаны каякка берерин айтып жатат. Кайдан билет утарын же утпасын" деген болчу. Биз ошол эле күнү Жакупованын сөзү боюнча макала жазганбыз. Башкы прокуратура мага, Дина Маслова, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо коюп жатат. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом. Бул мага каршы жазылып жаткан үчүнчү, ал эми "Заноза" сайтына жазылган бешинчи доо арыз", - дейт Нарын Айып.

Ошондой эле Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.

Айта кетсек, буга чейин да Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча "Заноза" сайтына каршы сотко төрт доо арыз берилген. Жогорудагы доо бешинчиси. Ошондо жалпы доонун суммасы 15 миллион сомду түзүүдө.
Ал эми Нарын Айыпка коюлган доо 9 миллион сомго жетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Artur555
2017-04-28 13:57:45
Бир тыйын да бербегиле. Конституция боюнча Башкы прокуратура президенттин кадырына шек келсе коргоого укугу жок. Башкы прокуратура Ашага жакшы корунуш учун, кылган иши бул.
+6
Zinazima
2017-04-28 15:07:36
Заноза качан болсо кыргыз Эли тууралуу жаман кептерди жазат
-9
pero123
2017-04-28 15:34:27
заноза сайтына окшогон дагы 100 сайт керек бизге.1 сом бербегиле дагы жазгыла.жакшы сөзбү жаман сөзбү чындыкты эл ушундай адамдардан угуш керек!!!
+7
Mers124
2017-04-28 16:11:28
Өлүп кетет го. Ушуну кантип президент кылдыңар?
+5
Patriot7
2017-04-28 16:29:48
Прокуратура, УКМК, МВД ж.б.баары элге кызмат кылуучу эмес, президентке кызмат кылуучу чонток органдарга айланыптыр го чиркин. Атамбаев ким бироолорду "теке, балашка, сасык, морадер, бакиевчи" ж.б.ж.б.деп кемсинтсе ага эч ким унчукпайт да ким президентке сын айтса куноолуу болуп калдыбы?!!

Кереги жок бизге президентинин да, мындай сатылма сот-прокурорунун да, милициция-УКМКсынын да. Себепсиз кылмыш ишин козгогондор оздору турмого камалышсын!!!!!!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан