Өзгөн районунун Аюу айылындагы кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Акыркы маалыматтар боюнча, жер көчкү болжол менен 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Ал эми 6 үйдө жашаган 24 жаран көчкү алдында калып калган.
"Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар катталган аймакка издөө иштерин көзөмөлдөө үчүн чыгып кетти. Буга чейин министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун бөлүм башчысы, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 64 куткаруучу, 2 КамАЗ, ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө башкаруу пункту жөнөп кетишкен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.