Өзгөн районундагы көчкү алдында калган 6 үй-бүлөнүн болжолдуу тизмеси

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 29-апрелде Өзгөндөгү Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында болгон жер көчкүнүн астында калган жарандардын болжолдуу тизмесин жарыялады.

1. Икрам Коргонбаев, аялы, 2 баласы, 2 кызы менен кошо көчкү алдында калды; (6 адам)

2. Матал Коргонбаев, 1 кызы менен көчкү алдында калды; (2 адам)

3. Хабибилла Ризабаев, аялы, 1 кызы, 2 небереси менен көчкү алдында калды; (5 адам)

4. Апсалам Ризабаев, аялы, 1 баласы, 1 кызы менен көчкү алдында калды; (4 адам)

5. Ибрахим Ризабаевдин 1 баласы көчкү алдында калды; (1 адам)

6. Артыкбай Камчиев, аялы, 2 баласы, 1 небереси, 1 келини менен көчкү алдында калды. (6 адам)

"Азыркы тапта кырсык катталган жерде 182 куткаруучу издөө иштерин улантып жатат. Ыкчам штаб түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан кошумча 100 жоокер тартылат. Учурда коопсуз аймакка 40ка жакын үй-бүлөнү көчүрүү иш-чаралары уюштурулуп жатат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Айта кетсек, бүгүн, 29-апрель күнү эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Анын бирөөсүндө эч ким жашачу эмес, ал эми 6 турак үйдө адамдар жашаган. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү алдында 24 адамдын калганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Artur555
2017-04-29 16:07:53
Аша келбедиви кырсык болгон жерге? Путин пидерде жардыруу болгондо сразу бардыле. Биздин Аша мультимиллионер болгон учун барбайбы, жэ элин тоготпогодукбу?
+15
Tariel9595
2017-04-29 17:53:58
Artur555,АША коментарий берипле тим болду
+3
Ma9
2017-04-29 16:23:32
Сабыр берсин туугандарына
+10
chopik7
2017-04-29 16:32:30
Ушуга окшогон койгойлорду алдын ала алса болбойт беле. Качан адам умурун алганда гана кочуктук которбостон э деге кой ушу Бийлик жерге кирсин. Проста ыйлагым келтат 24 адам
+1
chopik7
2017-04-29 16:33:46
Жаткан жери жаннатта болсун , жакындарына сабыр
+3
janat.kg
2017-04-29 16:34:41
Иа Аллах баарын аман эсен калусуна озун гана жардам берекор оомин.
+6
janat.kg
2017-04-29 16:38:22
Алдын ала эскерткен болсо кичине болсода чатыр тигип анан эскертпейт. Ошол чатырдын ичинде жашап турмак
+4
momun74
2017-04-29 21:13:52
janat.kg,атайын суда берилген дер атпайбы бирок кочуп кетишпеген экенда
-2
aikokul14
2017-04-29 16:51:57
Кудай сактасын,Ризабаев дегендерд копчулук экен.
+1
Kroxa
2017-04-29 17:29:53
Ризабевдин уй булоосу 10 киши калыптыр аман калганы бар чыгаар..
+2
dinar.meilibaeva
2017-04-29 17:48:13
Биздин аша качан кырсык болчу жерге келчу эле?... той топурга чакыруу алса сразу барса керек.. Ашага кыйын еле милиондогон акчасы машинасы сакчысы бар туруп... эмне дейт еле инсап берсин ашабызга...
+5
dinar.meilibaeva
2017-04-29 17:49:33
Беш алты кадам нары жагында учак жарылса барбаган бишкектен ошко келебиде уят эле..
+7
JoldoshMantekov
2017-04-29 19:26:30
Тагдыр экен эчким качып
чыкпаган,
Чийининен чийме сызык
ашпаган.
Буйрук экен ажал шилтеп отурат,
Бир туугандар кайгынарда тен турам.
+5
admiral
2017-04-30 01:39:38
Эхх айла жок окунучтуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан