"Айгүл гүлүнүн кооздугуна суктанып, гүлдөрдү үзгөм. Жулбаш керек деген ой такыр келген эмес" дейт интернетте талкууга алынган Динара Калбекова

Учурда социалдык тармактарда Баткенде өсүп, сейрек кездешчү айгүл гүлүн үзүп, аны менен сүрөткө түшкөн Динара Калбекова кызуу талкууга алынууда. Ал SUPER.KG`ге сүрөт 2013-жылдын 1-майында тартылганын айтып, буларды билдирди:

"Өз көйгөйлөрүм менен алектенип, талкууларга көӊүл бурганга убакыт деле болгон жок. Болгон окуяны мындайча эле түшүндүрүп берем. Ал сүрөттүн тартылганына, Одноклассники социалдык тармагына жүктөлгөнүнө да көп жыл болду. Ооба, туура, гүлдү биз жулуп, көтөрүп алганым ырас. Ал гүлдү биринчи жолу көргөм, жулбаш керек деген ой такыр келген эмес. Кооздугуна суктанып, жулуп түшкөнбүз. Айгүл гүлү тууралуу маалыматым бар болчу. Ал убакта гүлдү коруган кишини көргөн эмесин", - дейт Динара Калбекова.

Динара Калбекова Баткенге келин болорун, сүрөткө жакындары менен түшкөнүн кошумчалады.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
basima
2017-05-03 10:30:42
Билип туруп кылгандайго,кантип эле билбейт узбош керектигин
+7
Imagine
2017-05-03 10:35:42
Аң сезим төмөн да. Биринчи класстын окуучусу деле билет бул гүлдүн кызыл китепке киргенин.Караңгы, наадан,билими жок болсо ошентет да.
+13
bayana1987
2017-05-03 10:46:09
Imagine,эң туура айттыңыз...
+7
mama.i.synochka
2017-05-03 10:44:20
Акылдуу боло бербегилечи бул гул адамдын кадырынан бийикпи.Билбей калдым деп тушундуруптурго, мынчалык жарыя кылыштын кереги эмне.
-13
Lion.
2017-05-03 11:12:38
mama.i.synochka, оа кээбир карангыларга караганда бийик)
+6
mirbek2211
2017-05-03 11:20:09
дааа бирди эле жулганго деп ойлопмун көрсө
+12
Gulkin
2017-05-03 11:25:25
Мейли мунусу билбей жулса тиги чон эле аял билбейт бекен жарвтылышты коргош керек экенин. Башка жонокой гул болсо да бир жонле.жонокой гулду да мынча толтура жулгун келбейт го
+12
kanybek1986
2017-05-03 11:58:21
Бул жер бозадыр айылындагы Айгул гулу азырда корубайт бул жерди тилеке каршы
+2
12.12.12
2017-05-03 12:04:30
Окунучтуу
+2
meni_kut
2017-05-03 12:09:07
Айгул гулун жулса кайра ордуна оспойт жоголуп кетуу коркунучу бар.
+7
Arlenchik
2017-05-03 13:11:07
Жулбайле жанына туруп тушсо болот го эми, жулдун бат эле соолуп калат, андан коро жаратылышка корк берип турганы жакшы да, именно кызыл китепке кирген эмес мындай гулдорду деле.
+7
bolush11
2017-05-03 15:33:20
Кандайча эле бийик гүл да ал соолуйт кургайт билбей жулуп алган ар бирибиз адашуучубуз унутпагыла туугандар
0
bolush11
2017-05-03 15:34:36
Бул жакта жер титиреп көчкү жүрүп адамдар өлүп атат гүлдү проблема кылып
0
meni_kut
2017-05-03 15:42:02
15-16 жашар кыз болсо бир жон,суктанып узду дегидей.Бул ошол кезде 24 жашта экен,акылы жок десе.
+1
Asan123
2017-05-03 16:40:30
Мен тан калам эгер суротко тушбогондо кайдан билмек эле
Кызыл китепке кирсе кароолчу болуш керек Суротко тушупсун деп штраф салабы
+2
AykaMer
2017-05-03 17:06:38
Тообо,кызыксан жон эле арасында туш,жулуп албай... Жулгандан кийин соолуп калышын билбейт белен?! Ушундай кооз гулду кантип узгонго колун барды да...
+2
-NURIK-
2017-05-03 23:26:04
Атың чыкпаса айгүл тер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан