Бүгүн, 3-майда саат 10:50 чамасында өлкө аймагында жер титирөө катталды. Бишкекте болжол менен жер титирөөнүн күчү 2-3 балл болду, Ошто болжол менен 5 балл болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаланын очогу кайда жайгашканын жана очогунда күчү канча балл болгонун тактап жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор болгон жок.
EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, аталган жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 259 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү көздөй 101 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү көздөй 29 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда күчү 5,9 баллга жеткен.