Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду чакан насыялык компаниялар менен иштешип баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда парламентте аталган фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.
Жогорку Кеңеште фондго айыл чарба багытындагы жерлерди күрөөгө алуу боюнча уруксат берүү сунушталып жатат. Кулматовдун айтымында, бул сунуш аймактагы дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн натыйжалуу болот.
“Биз азыр аймактарда иш алып барып жатабыз. Мисалы, жерди күрөөгө алууга мүмкүнчүлүк болсо, бактарды өнүктүрүү үчүн насыя берсек болот. Дыйкандарга жеңил болот. Мындан тышкары кичи насыя компаниялары менен иштешкени жатабыз. Насыя алуунун эрежелери коммерциялык банктардай эле болот. Дыйкандар фонддон насыя ала турган болсо 4 пайыз, коммерциялык банктан алса 5 пайыз менен алат”, - деди ал.
Депутат Эльвира Сурабалдиева чиновниктерге кредиттер берилип, таанышы жок ишкерлер насыя алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтып: "Белгилүү адамдарга кредит берерде фонддун репутациясын ойлоп коюңуздар", - деди.
Кубанычбек Кулматов: "Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду бир дагы саясатчыга же саясий партиянын өкүлүнө кредит берген эмес", - деп билдирди.
Учурда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.