Айгүл гүлүн үзгөн жаранга кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Мамлекеттик экологиялык техникалык-инспекциясынын Жер ресурстарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Шухрат Жолдошов кабарлады.
Үзүлгөн айгүл гүлдөрү менен сүрөткө түшүп, социалдык тармакка илген Динара Калбекова сүрөт 2013-жылдын 1-майында тартылганын айткан.
Шухрат Жолдошовдун берген маалыматына ылайык, айгүл гүлү 1978-жылы Кызыл китепке киргизилген.
"Айгүл гүлү орусча "рябчик Эдуарда" делип, Кызыл китепке кирген. Аны үзгөн жаранга администравдик чара көрүлүп, айып салынып, кылмыш иши козголот. Айыптын көлөмү ар бир гүл үчүн 300 сомго барабар. Бирок сүрөт 2013-жылы тартылгандыктан, кылмыштын мөөнөтү тууралуу маселе жаралып жатат. Азыр биз Баткендин укук коргоо органдары, юристтер менен бул маселени карап жатабыз", - деди ал.
Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова учурда иликтөө иштери жүрүп, ал жарандын жашаган жери такталып жатканын кабарлады.