Жер титирөөдөн кийин Чоң-Алайдагы кээ бир турак жайлардын, короо-сарайлардын дубалдарында майда жаракалар пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 3-май күнү саат 10:47 чамасында катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын айылдарында кээ бир турак жайлардын, коро-сарайлардын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Жеринен тактоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.
Айта кетсек, EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, бүгүн болгон жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 259 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү көздөй 101 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү көздөй 29 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда күчү 5,9 баллга жеткен.