5-майда Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында "Таза Ысык-Көл" акциясынын алкагында ыктыярчылар ишембилик өткөрүшөт

Эртең, 5-майда Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында "Таза Ысык-Көл" акциясынын алкагында ыктыярчылар ишембилик өткөрүшөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

"Биздин Ысык-Көлүбүздүн жаратылышын, тазалыгын камсыздоо, ага кам көрүү чоң мааниге ээ. Өткөн жылы "Таза Ысык-Көл" кыймылы негизделип, Балыкчыдагы унаа жолдун айланасы 100 ыктыярчы тарабынан таштандыдан тазаланган. Жалпысынан 5 тонна таштанды чогулуп, пластик, темир, айнек, органикалык таштандыларга бөлүнгөн. Акциянын катышуучулары эс алуучулардын көпчүлүгү шалаакы мамиле кылышарына күбө болушкан", - дешет уюштуруучулар.

Учурда көлдүн аймагында катуу тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттары ачылганы маалым болду. Ар бир каалоочу калдыктарды өткөрүп, ал үчүн акы алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан