Кооптуу жерде жашагандарды башка аймакка көчүрүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдети эмес. Бул тууралуу 4-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов (сүрөттө) билдирип, элди коопсуз жайга көчүрүү жергиликтүү бийликтин иши экенин айтты.
"Мыйзам боюнча элди көчүрүү, ссуда маселелерин жергиликтүү бийлик чечиши керек. Биз өзүбүзгө тийиштүү ишти аткарып жатабыз. Элди колунан сүйрөп чыгара албайбыз, эскертүүлөр берилген", - деди.
Бул жооптон кийин депутат Зиядин Жамалдинов "анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жоюп эле салыш керек экен. Өзгөндөгү жер көчкү боюнча министрликтин жетекчилиги токтоосуз отставкага кетиши керек. Булардын жоопкерчилигин бүгүн парламент кабыл алчу токтомго сөзсүз жазалы" деди.
Депутат Аюу айылында элге эмне үчүн контейнер берилбей жатканын, 2008-жылы Нура айылындагы жер көчкү учурунда жасалган контейнерлер кайда экенин сурады. Министрдин орун басары: "Эл өзү контейнер сураган жок, ошондуктан чатырлар берилген", - деди.
Эмне үчүн суратпай алып барышпайт? Жабыркагандар ичи суук чатырларда үшүп отурганы ММКлар аркылуу тынбай жазылып, айтылып жатат.