Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү 24 үйдү басты

Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып отуруп, 24 турак жайды жана 35 электр мамычасын басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 4-майда кабарлады.

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак жай, андан сырткары 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) бар. Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолуп жатканы маалым болду.

"4-майда орнотулган 60 чатырга жана ФАП катары колдонулган 1 чатырга РЭС кызматкерлери тарабынан жаңы трансформатор орнотулуп, электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми жергиликтүү тургундар үйлөрүнөн кийим-кечелерин, буюмдарын алып кеткенге үлгүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
bekzat.4496
2017-05-04 12:56:23
Оо жараткан кунолорду озун кечир кыргыз елимди озун сакта емне деген кырсвктар болуп жатат кыргыз жеринде
+19
Tyn4a92
2017-05-04 13:12:29
Кыргызстанда бузукулук кучоп жатканы учун Аллах зилзаланы бизге берип жатат
+23
farida.kg.1991
2017-05-04 13:19:26
Tyn4a92, ойлонуп сүйлө тообо деп жаканды карма.
-10
Dimon8485
2017-05-04 13:26:38
farida.kg.1991,туруп айтат.Адамдардын пейли бузулду.
+11
Revolyutsiya2
2017-05-04 14:02:17
Dimon8485, туура элдин пейили бузулду, бирок элден мурун бийликтин пейили бузулду. Бийлик туп-тамырынан бери алмашпайынча элдин пейили онолбойт дагы.... Качан гана элин ойлоп, эли учун ак кызмат кылып, элин туз жолго баштаган косом келгенде гана эл оноло баштайт.... Айрыкча 2017 ото эле кандуу жылга айланды, бул элден мурун бийликтин пейлине жараша болуп жаткандай!!!
+13
mir777
2017-05-04 14:03:53
Tyn4a92,эн туура, мойунга алыш керек
+2
sherzatik
2017-05-04 21:46:51
Tyn4a92,кошулам 100%
+1
bosmos777
2017-05-05 01:31:55
Tyn4a92, 50 жылда Эл жаны, 100 жылда жер жаны деген! Макал эле!
+1
baktyluuluk
2017-05-04 13:19:13
Кудай сактай кор!Кун сайын ушундай кырсыктар окуп эле калдык.Элиме тынчтык каалайм.
+6
Aidani
2017-05-04 14:46:48
Жакшы жергиликтуу тургундар кочуп кетишиптир
+2
admin_superstan
2017-05-04 15:15:16
Revolyutsiya2, gaibilla, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя бар. Эскертүү!
0
baisogur
2017-05-04 15:18:37
Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун элим жерим аман болсун ичкен суубуз жеген ырыскыбыз кенен болсун тоо тараптагылар өзбектер жашаган тегиздике көчкүлө коркунуч жараткан жерден алыс болгула кудай дагы сактанганды сактайт
+5
admin_superstan
2017-05-04 16:33:10
Riokyrgyz, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-2
Riokyrgyz
2017-05-04 16:46:16
admin_superstan,ал жагыныздарга деле айтам,Кудайдан башкага(астрологго,козу ачыктарга)ишенуу ислам дининде эн эн чон куноо.мени кааласанар биротоло БАНга кетиргиле,мен Кудайдын окумун аткарып жатам.
+3
-Sumitra-
2017-05-04 18:14:34
Кудай сактаа.Ото эле тоонун боорунда жашашбайт окшойт суротто.Жапыз эле жерлер кочуп атабы?
0
Madina.a
2017-05-04 18:46:27
Аллахым озун сактай кор!Тоок жылы аябай эле оор келдиго.
0
sherzatik
2017-05-04 21:53:11
Madina.a,маселе тоок жылында эмес тууганым. Маселе адамдардын жүрүм турумунан,ыймансыздыктан, бузукулуктан,ичитардыктан,сойкулуктан болуп жатат!!!айта берсек арман көп келгиле ыйманга келели бир туугандарым!!!
+2
Djandarbek
2017-05-04 20:24:06
жакшы дагы эл тынч экен.Уй жай табылат кудай сактасын ушундай кырсыктан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан