"Freedom House" Кыргыз бийлигин эркин ММКларды куугунтуктоону токтотууга чакырды

Эл аралык "Freedom House" уюму Кыргыз бийлигин көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Бул тууралуу уюмдун 3-май - Дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүдө Кыргыз жериндеги ММКларга каршы жазылып жаткан доо арыздар уюмду тынчсыздандырып жатканы белгиленет.

"Биз президент Алмазбек Атамбаевди сындаган көз карандысыз маалымат каражаттарына жана айрым адамдарга каршы жалган жалаа тууралуу берилип жаткан саясий мүнөздөгү доо арыздардын толкунуна тынчсыздануудабыз. Кыргыз бийлиги өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө зарыл болгон институттарга түздөн түз чабуул жасоодо. Freedom House бийликти өзүнүн көз карашы бар ММКларга жана укук коргоочуларга карата куугунтукту токтотууга чакырат", - дейт уюмдун Европа жана Евразиялык программалар боюнча директору Марк Берендт.

Маалымат бир катар ММКларда жарык көрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан