7-майда Францияда өлкө президентин шайлоонун экинчи туру өтүп, "Алга!" кыймылынын лидери Эммануэл Макрон мамлекет башчы болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, бюллетендердин 100 пайызы эсептелип бүтүп, анын жыйынтыгында шайлоочулардын Макронго 65,82 пайызы добуш беришти. Анын атаандашы "Улуттук фронт" партиясынан Марин Ле Пен добуштардын 34,18 пайызына ээ болду.
Эммануэл Макрон 1977-жылы 21-декабрда туулган. Учурда 39 жашта. Франциялык саясатчы, "Алга" саясий партиясынын лидери. Париж Х-Нантер университетинде, Саясий изилдөөлөр институтунда окуган. 1999-жылдан 2001-жылга чейин француз философу Пол Рикёрдун жардамчысы болуп иштеген. 2004-2008-жылдары Экономика министрлигинде инспектор жана башка кызматтарда иштеген.
Макрон терроризм менен күрөшүүнүн башкы тарапташы, Палестинаны мамлекет катары таанууну колдобойт. Өлкөнүн атайын кызматын, армиясын жана милициясын каржылоону күчөтүү керек деген пикирди карманат. Франциянын тарыхында эӊ жаш президент болуп шайланды. Үй-бүлөлүү. 2007-жылы мектепте француз тили боюнча мугалими болгон, өзүнөн 25 жаш улуу Брижит Троньёго үйлөнгөн. Мугалимин өзү окуучу кезинде эле жактырып калганы айтылып жүрөт. Брижиттин мурдагы никесинен 3 баласы бар.