"Талас облустук ооруканасында Суранов деген дарыгер кеңеш берүү үчүн 300 сом сурап жатат", - деп бүгүн, 9-майда бейтаптын атасы Азис Курамаев нааразычылыгын билдирди.
"Балам ооруп калганынан Талас облустук ооруканасына алып барсам, аталган дарыгер: "Кеңеш берүүм үчүн 300 сом бересиңер. Берсеңер карайм, бербесеңер чыккыла эшикке", - деп айтты. Ал Атамбаевди да тоготпогонун билдирип, "мага эч кимдин алы жетпейт, өзүмдү өзүм билем" деп кубалап чыкты. Кандай чара көрсө болот буга?" - деди Курамаев.