Кечээ, 9-майда Талас облусунун тургуну Азис Курамаев социалдык тармактагы баракчасына облустук оорукананын дарыгерине нааразы экенин жазып, видео жүктөгөн.
Тургундун айтымында, окуя кечээ саат 13:00дөрдө болгон, ал уулу ооруп жаткандыктан, ооруканага алып барса, дарыгер бере турган кеңеши үчүн 300 сом өлчөмдө акча талап кылган.
"Баламды дарыгерге алып барсам, кеңеш берүү 300 сом экенин айтты. Мен мамлекеттик оорукана болуп жаткан соң "эмнеге 300 сом?" десем, майрам күнү жумушка чыккандыгы үчүн экенин билдирди. Мен анда бул мыйзамсыз экенин, ага нааразы экенимди билдиреримди айтсам, "Жумашалиевге бар, бирок ал азыр ордунда жок. Дарегин берем, бирок баары бир анын мага алы келбейт. Давай, чыккыла" деп бизди чыгарып жиберди. Ошондо мен ызаланып кетип видеого тартып, Атамбаев тууралуу суроо бергем. Мен бул жерден акчага деле күйгөн жокмун. Майрам күнү мен деле аны ыраазы кылмакмын, бизге талап койгону ачуубузду келтирди. Дарыгердин аты Алик Сулайманов экен", - деди Азис Курамаев.
Тургун облустук ооруканадан чыккан соң уулун жеке ооруканага алып барганын билдирди.