Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып, 10-майга карата 45 турак жайды, социалдык объектилерден 1 ФАПты, 1 мечитти, 1 мектептин пайдубалын басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындан тышкары жер көчкү 35 электр мамысын, айыл көрүстөнүн басып калды. "Мектептин курулуш материалдарын буга чейин куткаруучулар коопсуз жайга көчүрүшкөн. Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак жай, 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан. Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.