Укук коргоочу Чолпон Жакупова президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жөнөттү

Башкы прокурор президенттин кадыр-баркын коргоп сотко арыз жазганы боюнча укук коргоочу Чолпон Жакупова өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдоду. Бул тууралуу ал 11-майда маалымдады.

Жакупова катында 30-апрелде сөз эркиндигине байланыштуу кырдаал талкууга алынган тегерек столго акыйкатчы Кубат Оторбаев тарабынан чакырылганын, ал жерде жеке оюн айтканын белгилейт. Сүйлөгөн сөзүнүн ар бирине мисал келтирип, кайсы сөзүн эмнеден улам айтканын жазган. Президенттин кадыр-баркы жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин катты түз Алмазбек Атамбаевге жолдогонун билдирди.

"Акыйкатчы институту – Конституциялык орган, тегерек стол – легалдуу иш-чара, өз оюн эркин айтуу учурдагы Конституция менен кепилденген. Аталган иш-чарада мен өзүмдүн жеке оюмду айтууга (сиздин көз караш боюнча ал туура эмес болсо дагы) укугум бар беле?" деп суроону узаткан.

Укук коргоочу ММКлардын сотко берилиши, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү өлкө башчы тарабынан демилгелениши жөнүндө мисал келтирип жалпы 10 суроо берген.

"Алмаз Шаршенович, менин катым менен таанышып, макул болосуз деген ойдомун. Мүмкүн бул сиздин кыжырыңызга тиет. Чынын айтканда менин сиздин кадыр-баркыңызга шек келтирейин деген негативдүү максатым жок. Мага саясаттан кетип жаткан адамдын кадыр-баркына шек келтирүүнүн эмне кереги бар? Мен өзүңүз убада бергендей, саясаттан биротоло кете турганыңызга ак ниеттүүлүк менен ишенем. Чындыгында мен үчүн башка нерсе маанилүү - адамдардын статусуна карабай, саясий кызыкчылыгына каршы келсе дагы өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыйзамдын үстөмдүүлүгүндө иштөөгө чакыруу. Кандай күндө дагы берилген ар бир суроого КРнын мыйзамында белгиленген мөөнөттө жооп бересиз деп билем", - деп жазат Чолпон Жакупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан