Депутаттар Кыргыз мамлекетиндеги бардык мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өтүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында мыйзам долбоорду депутат Евгения Строкова тааныштырып жатат.
Анын айтымында, окуу программаларында кыскартуу болбойт. “Азыркы учурда 1-4-класстар жумасына 20-30 саат окутулат, ал эми 6-11-класстын окуучулары 33-36 саат билим алат. 2010-2013-жылдары пландарды кыскартуу болгон. Билимдин сапаты жаман болбойт. Программа кыскартылбайт”, - деди ал.
Депутат Мурадыл Мадеминов жеке менчик мектептер 8:00-17:00гө чейин окуучуларды окута турганын айтты. “Башында сабак окутулуп, анан чыгармачыл кошумча сабактар өткөрүлөт. Ал эми мамлекеттик мектептерде 6 саат түшкө чейин жана түштөн кийин окушат. Көпчүлүк мектептер 3 нөөмөт менен окушат. Ишемби күндөгү программаны кайда жиберебиз?” - деди.
Строкова окуу жылын 30-майга чейин жылдырса боло турганын белгилеп, Бишкек шаарында 3 нөөмөт менен окуган бир эле №29-мектеп бар экенин эскертти.
Мадеминов Строкова Бишкек жөнүндө гана айтып жатканын белгиледи. “Республика боюнча эмне болуп жатканын айтпай жатасыз. Менин районумда 3 нөөмөт менен окуп жатышат”, - дейт. Буга
Строкова: “Сиздин районуңуздагы мектептер 6 күн окуй беришсин”, - деген жооп узатты.