Атамбаев "Азаттыкка" доосу жок экенин билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокуратурасына "Азаттык медиа" мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Айрым массалык маалымат каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана абийирин булгаган жалган маалыматтарды тараткан фактылары боюнча өлкөнүн Башкы прокурору тарабынан "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын алкагында доо арыздар берилген болчу.

Берилген доолор боюнча жоопкерлер арасында "Эркин Европа", "Эркиндик Радиосунун" кыргыз кызматы - "Азаттык медиа" мекемеси да бар.

"Эркин Европа", "Эркиндик Радиосу" медиакорпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча ушул жылдын 30-мартында Президент Алмазбек Атамбаев менен Томас Кенттин ортосунда жолугушуу болгон. Анда өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда теӊ салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин ким бирөөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланган. Кыргыз эли үчүн өтө маанилүү жана ыйык саналган сөз эркиндигинин кадырын кетирүүгө жол бербөө тууралуу өзгөчө сөз болгон.

Ал жолугушуудан берки мезгилде "Азаттык" радиосунун эфирине чыккан жана анын интернет-сайтына жарыяланган материалдарда теӊ салмактуулук жана калыстык камсыздалып, оӊ көрүнүштөр болду.

Көптөгөн эксперттер "Азаттык" радиосунда окуяларды чагылдыруу сапатынын артканын белгилеп жатышат. Эркин журналистиканын жана сөз эркиндигинин принциптерин сөз жок сактоо менен катар "Азаттык" радиосунда эфирге жана интернет-сайтка материалдарды даярдоодо редакциялык саясатты бекем кармануу жагында, анын ичинде талаштуу жерлерди алдын ала системалуу түрдө укуктук талдоого алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле бул соттук териштирүүлөр бардык медиа-жамааттар менен өкмөттүк эмес секторду жандантууга, эң негизгиси-журналисттердин ишинин сапаты жана сөз эркиндигинин кадырын кетирип жаткан айрым стереотиптерди кайра кароо зарылдыгы жөнүндө дискуссиялардын кеӊири жайылышына өбөлгө түздү. Президент Алмазбек Атамбаевдин ою боюнча, медиа-жамааттардагы бул процесстер улуттук маалымат мейкиндигин өркүндөтүүгө жана тазаланууга жол салууда.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сөз эркиндигинин негизги принциптерине берилгендигин жана жоопкер журналистикага сый-урматын баса белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна "Азаттык медиа" мекемесине карата доо талаптарын артка алууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан