Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Бакыт Жумашевди кызматтан алууну Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырды. Мындай чечим бүгүн, 12-майда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жыйында айтылды. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы аталган уюмга 100 миллион сом берилгенин, бир жылдын ичинде араң 8 миллион сомго камсыздандыруу иштерин жүргүзгөнүн айтып сынга алды.
Буга чейин да премьер-министр айыл жергесиндеги элдин турак жайларын камсыздандыруу боюнча маалыматтар көпчүлүгүндө жоктугун айткан.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 4638 турак жай камсыздандыруу уюму менен келишим түзгөн. 2017-жылдын 1-кварталында үч жаранга 133 006 сомдук камсыздандыруу төлөмүн берген.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2015-жылы 50 миллион сомдук уставдык капитал менен түзүлгөн. Айыл жергесиндегилер жылына 600 сом, шаардыктар 1200 сом төлөп, турак жайын камсыздандырышы керек болот.