Бишкекте эки окуучунун бирин Лексус, экинчисин Хонда үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген.
Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Азыркы тапта издөө иштери жүрүүдө.