Жол кырсыгына кабылган окуучулардын биринин абалы орто, бирөөсү үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 12-майда Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнөн эки унаа сүзүп кеткен окуучулардын биринин абалы орто, бирөөсү үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Унаа сүзүп кеткендердин бири, 2006-жылы туулган М. кызы К.нын баш мээси чайкалып, бетинин оң жагы, чыканактары жана тизелери тытылган. Ал шаардык балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалы орто. Экинчи окуучу 2008-жылы төрөлгөн А.Анын оң тизеси көгөрүп калган. Анын абалы канааттандырарлык, дарылануу үчүн үйүнө жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-05-12 19:43:23
Тизеси когоруптур деп уйун чыгарып ийишкенин ал деле балким баш мээси чайкалгандыр бир аз болсо да анализдеш керек жыгылган сузгондо удар болду да баарыбир..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан