Ноокенде белгисиз себептерден эс-учун жоготуп, жыгылып, ооруканага жеткирилген окуучулардын саны 30га жетти

Ноокен районунун Тоскоол айылындагы мектептин 30 окуучусу белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп, жыгылып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аталган мектептин дене тарбия мугалими Анарбек Оморалиев бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, окуучулардын эмне себептен жыгылганы дагы да белгисиз.

“Кечээ менин сабагым 11:30да бүттү. Саат 12:00дөр чамасында кеткем. Жанагы окуя саат 13:30 чамасында башталыптыр. Бир окуучу башы айланып, тарамышы түйүлгөн адамдай болуп жыгылып калыптыр. Жанындагы башка окуучулар анын колдорун укалап, жардамдашып жатып, алар да биринин артынан бири жыгылыптыр. Кечээ 16 окуучуну ооруканага алып барышыптыр. Түндө да улам бирден жыгылып жатып азыр отуздай болуп калды. Кечээ жыгылган балдарды ооруканадан текшерип, анализден өткөрүшкөндө уулануу жок экени билиниптир. Азырынча эмне болгонун дарыгерлер да билбей жатышат. Анализди Бишкекке жөнөтүшүптүр, жыйынтыгы 3 күндөн кийин билинет экен. Жыгылган балдар 5-8- класстын окуучулары”, - деди Тоскоол айылынын Назир Токторбаев атындагы №5-орто мектебинин дене тарбия мугалими Анарбек Оморалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Asedullah1996
2017-05-13 17:18:51
Таң калыштуу окуя.
+1
Kanzada97
2017-05-13 17:26:14
кудай сактасын
+1
jonne
2017-05-13 17:26:35
30- бала болгон болсо анда мектепти дагы текшериш керек
+8
betatek-2011
2017-05-13 18:23:50
Админ ушул маалыматты аягына чейин чыгаргылачы сураныч, байкуш балдарга не болду экен ,ойлонуп кыжаалатпыз алыс жакта журуп бизда...балдар тезирээк айыгыпкетишсин.
+15
admin_superstan
2017-05-13 19:22:23
betatek-2011, саламатсызбы?
Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+5
Kulatov
2017-05-13 18:36:20
Кош келиңиздер болуп жазылат мектепте ушундай каталар турса анда билбейм кыргыз тилин өнүктүрө албайбыз го
+7
aibi8984
2017-05-13 18:36:40
кудуктан суу ичкен дешти элего???
0
lady_91
2017-05-13 18:48:26
Куш келипсиз болуп бул жагы озбекче болуп кетиптирго....
Кудай сактасын айыгып кетишсин.
+5
medetbek
2017-05-14 01:29:34
lady_91,мурун кош келиниздер деп жазылчу азыр жогору жактан приказ келген баары куш келиниз деп жазып калышкан. Кош деген соз туура эмес экен )))
+2
raykray
2017-05-13 19:33:02
куш деп тура эле жазылган, кош деген Кайыр кош, куш деген кыргыз эле соз озбектерда бар, куш убак кечиниз мн, куш конотда же куштай конуп деген мааниде куш келипсиз
+7
nur_zhoni
2017-05-13 20:54:10
raykray, мектептерде кош келиниздер деп жазылат
-1
Kulatov
2017-05-13 22:46:04
raykray,кутмандуу таңыңыз менен кутмандуу кечиңиз менен кутмандуу күнүңүз менен деп айтылат.
0
grace
2017-05-13 19:53:44
Кудайым колдоп балдар жакшы болуп кетсин. Жакшы текшериш керек.
0
sabyr86
2017-05-14 10:30:29
Илгери мен бала кезде бир ушундай болгон,анан ошол жыгылгагдын баары көзү ачылып,гипноз болуп укмуш эле болушкан.
0
aika0906
2017-05-15 01:46:49
Суу ичишкен деп атты эле го..кече уккан элем ..бугун 2 кун отту балдар тынч бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан