Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш ишин Башкы прокуратурага кароого берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди. Материалдар бүгүн, 16-майда берилген.
Башкы прокуратура ишти карап чыгып, сотко өткөрүп берери күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү.