Бүгүн, 17-майда Кыргыз өлкөсүнүн ар бир облусунда Туруктуу элдик курултай өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, айрым облустарда жыйындар 2 жерден өтүүдө.
Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча Элдик курултайдын жыйынында курултай тууралуу атайын мыйзам кабыл алуу маселеси талкууланып, Ордо кеңеши түзүлүп курамы бекитилет. Уюштуруу тобунун жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, жакында улутчул, мекенчил күчтөр биригип чогуу иштөө чечимин кабыл алынган. "Биздин негизги максат - "Баш мыйзамдагы бийликтин булагы - бул эл" деген принципти ишке ашырууга, элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Дүйшөбаев.
Мындан тышкары азыркы тапта Талас, Жалал-Абад облустарында Элдик курултай өтүп жатканы белгилүү болду. Анда Элдик курултай институтун мыйзамдаштыруу маселеси талкууланууда.