Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова Башкы прокуратурага кайрылды. Анын айтымында, Текебаевдин ишин өткөрүп берүүдө бир катар мыйзам бузуулар катталган.
"7 томдук иштин болгону 2 тому менен гана тааныштык. Тергөөчү тарабынан бизге 27-апрелден 13-майга чейин убакыт берилген. Ортодогу майрам, дем алыш күндөрүн алганда материал менен таанышып чыгууга 8 күн жетишсиз болду. Кылмыш-процессуалдык кодекстин 231-беренесинин 4-бөлүмүндө "айыпкердин жана жактоочунун бардык материалдары менен таанышуусу үчүн аларга зарыл болгон убакыт чектелиши мүмкүн эмес" деп жазылып турат.
Ошондой эле материалдар көчүрмөдөн өткөрүлүп, УКМКнын СИЗОсуна таанышуу үчүн жиберилген. Кылмыш-процессуалдык кодекстин 231-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, тергөөчү жактоочу менен айыпкер эмне арыз берүүнү каалай тургандыгын аныктоого милдеттүү болчу. Андан соң билдирилген өтүнүчтөр протоколго киргизилмек. Эгерде процесстин катышуучусу жазуу түрүндө өтүнүч билдирүүнү кааласа, ага да убакыт берилиш керек", - деп жазылат Жакупбекованын кайрылуусунда.
Андан сырткары кайрылууда өтүнүч келтирүү укугу одоно бузулганы жазылган. Мындан улам ал Башкы прокуратурадан УКМКнын тергөөчүлөр тобу тарабынан келтирилген бузууларды жоюу жана ишти сотко өткөрүүнү токтотууну суранган.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган. 4-майда Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган болчу.
16-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш ишин Башкы прокуратурага кароого жиберген.