Бишкек шаарына жеке компания тарабынан алынып келинген автобустарда пенсионерлерге жеңилдиктер каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов билдирди.
"Бишкек шаарына жалпысынан 12 автобус жеке компания тараптан алынып келинген. Жакын арада дагы 20 автобуска чейин алынып келиниши күтүлүүдө. Бул унаалар 35-номурдагы маршруттук каттамдын ордуна коюлган. Жүргүнчүлөрдү ташуу мэриянын буга чейин бекитип берген 8 сомдук баасы менен жүзөгө ашырылат. Ал эми пенсионерлерге жана студенттерге жеңилдиктерди кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деп билдирди Атыканов.
Маалыматка ылайык, алынып келинген "Hengtong" үлгүсүндөгү автобустар Кытай өлкөсүндө чыгарылган. Автобустарда видео көзөмөл орнотулган.