Бүгүн, 12-май күнү Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жүргүнчүлөрдү ташыган №35-каттам ачылып, газ менен жүрүүчү жаңы 12 автобус киргизилди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев катышып, автобустарды айдоочуларга тапшырышты. Бул каттамды "Шыдыр Жол Кей Жи" жоопкерчилиги чектелген коом ишке киргизип, автобустарды Кытайдан сатып келген.
"Каттамда 20 автобус болушу керек. Азыр 12 автобус киргизилип, дагы 8 автобус чек арадан өткөрүлүп жатат. Ар бир автобустун баасы 93 миң доллардай болду. Ушул эле долбоордун негизинде жыл аягына чейин 100 автобус алып келүүнү пландап жатабыз", - деди ЖЧКнын өкүлү Марат Сайдылдаев.
Ошондой эле жол кире азырынча 8 сом болорун, бара-бара автобустарды акташ үчүн жол киренин акысын көтөрүү тууралуу маселе каралып жатканын кошумчалады ал.
Ал эми мэр бул маселе сунушталса, аны шаардык кеңеш карарын айтып, автобустарды сатып алууга бюджеттен бир тыйын бөлүнбөгөнүн кошумчалады.