Бишкекте жер өтмөктөрүн оңдоп-түзөөдөгү соодагерлер менен пикир келишпестиктер жоюлду. Мындай маалымат бүгүн, 18-майда жыйында айтылды.
"Бүгүнкү күнгө чейин өтмөктөрдү куруу орчундуу маселе болуп келген. Эл арасында түшүнбөстүктөр орун алды. Айрым соодагерлер соода жайынын кыскарып кетет деген ойду карманышып, бизге кайрылышты. Учурда түшүнбөстүктөр жоюлуп, соодагерлер өз ыктыяры менен орундарын бошотуп беришти. Соода орундары кыскарганы ырас. Ошол эле учурда курулуш иштер бүткөнчө 4 ай бою жумушсуз жүрүшөт", - деп билдирди Бишкек шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Оморов.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө жер өтмөктөрүн оңдоп-түзөө зарылдыгы айтылды. Алардын эскилиги жетип, электр зымдары жана темир тирөөчтөрү чирип баштаганын атайын түзүлгөн комиссия аныктап чыккан. Учурда курулуш иштерин аткарууга тендерди өткөрүү иштери уланууда. Калаадагы эки өтмөктү курууга 70 миллион сом жумшалары белгилүү болду.
"Мындагы эң биринчи максат жарандардын коопсуздугу. Эгер бүгүн өтмөктөрдүн абалын карабай, оңдобой койсок анда алдыда эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Ал эми акча маселеси экинчи орунда турат. Акча табылат. Адамдын өмүрү, ден соолугу табылбайт. Ошондуктан мэриянын тапшырмасы менен ишти жүзөгө ашырып жатабыз. Буюрса, сентябрда заманбап өтмөктөр пайдаланууга берилет", - деп билдирди Бишкек шаардык архитектура курулуш ишканасынын башчысы Асхат Түлебердиев.
Эске салсак, буга чейин Чүй-Абдрахманов жана Чүй-Манас кең көчөлөрүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктөрдү оңдоп-түзөөгө каршы чыккан соодагерлер нааразычылык акцияларын өткөрүп келишкен.