Балыкчы шаарындагы бала бакчада болгон окуянын чоо-жайы такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-май күнү кечинде Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына 1988-жылы туулган Мариям аттуу тургун кайрылып, "Жоогазын" аталышындагы муниципалдык бала бакчанын тарбиячысы 2013-жылы туулган баласын сабап салганын айткан.
"Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.
Буга чейин Балыкчы шаарынын тургуну Фейсбуктагы баракчасына курбусунун 4 жаштагы баласын "Жоогазын" аталышындагы бала бакчанын тарбиячысы сабаганын жазган болчу.