Баткен облусунун Бужум айылындагы орто мектепте билим алган жети окуучу химиялык затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу 19-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 18-майда саат 15:30дар чамасында болгон. Анда 7-класстын окуучусу танапис учурунда көчөдөн таап алган буюмун күйгүзгөн. Ошол учурда класста 21 окуучу болгон. Эки сааттан кийин кээ бир окуучулардын дем алуусу кыйындап, жөтөлүп башташкан.
Андан кийин жети окуучу Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн алар палатага которулганы белгилүү болду. Баары деми кысылып, башы ооруп, жөтөлүп жатышканын айтышкан. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча балдардын абалы туруктуу. Аларды үйүнө чыгаруу пландалууда.