Ноокенде жергиликтүү тургунга бычак сайган жаранды табууну талап кылышты

Бүгүн, 20-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына 100дөй адам чогулуп, 2-3 күн мурун болгон уруштан жергиликтүү тургунду бычак менен сайып, качып кеткен жаранды табууну талап кылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тургундар кабарлашты.

"2-3 күн мурун өспүрүмдөр ич ара келишпестиктен улам уруша кетишип, 4 жаран жаракат алыптыр. Элдер алгач борбордук базардын алдына чогулушкан. Такталбаган маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү Андижан шаарына качып кеткен", - дешет тургундар.

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев чогулгандар тарап кетишкенин айтып, уруштан бир жаран жаракат алып, ооруканага кайрылганын билдирди. Тургундар бул ишти иликтөөнү талап кылып чыгышканын кошумчалады.

Ал эми райондук милициянын башчысы чогулгандардын саны 30 экенин айтып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан