Жарандарды "үйүӊдү сөзсүз камсыздандыруудан өткөр" деп мажбурлоо туура эмес. Турак жайын камсыздандырабы-жокпу жарандардын өз эркиндеги иш. Бул тууралуу 22-майда SUPER.KG порталына өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.
Турак жайларды камсыздандыруу боюнча мыйзам бар экенин эскертип, бирок жарандарды күчкө салып үйүн камсыздандыруудан өткөртүүгө жол берилбеши керектигин билдирди агенттиктин жооптуу өкүлү. "Элге түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүү керек. Каалагандар өткөрөт, каалабаса өткөрбөйт. Азырынча "милдеттүү түрдө үйүӊдү камсыздандыр" деп элди кыйнай албайбыз. Мыйзамда үйүн камсыздандырбай койгондорго атайын жаза каралган эмес, болгону кырсык болгон учурда мамлекеттен жардам албай калышы мүмкүн", - дейт ал.
Эскерте кетсек, бул маселе боюнча SUPER.KG порталына бүгүн Таластын Бакай-Ата районунун тургуну кайрылган эле. Анда ал: "Бакай-Ата райондук ооруканада иштейм. Бүгүн жетекчилик ооруканада иштеген бардык кызматкерлерди чогултуп алып үйүӊөрдү кечки саат 17:00гө чейин камсыздандыруудан өткөрүп келишиӊер керек, милдеттүү түрдө деп талап коюп жөнөттү. Айылда 600 сом табуу оор эле, "акча жок" дегенге да караган жок, кайдан тапсаӊар айдан тапкыла деген таризде. Бизде суроо, үйдү камсыздандыруу милдеттүү түрдөбү? Мүмкүн мен камсыздандыргым келбейт", - деп билдирген.
Ал эми оорукана башчысы Жылдыз Токтосунова камсыздандыруу боюнча кызматкерлерге эч кандай талап койбогонун, болгону "үйүӊөрдү камсыздандырып койгула" деп сунуштап жатканын айтты.