Ислам тилектештик оюндары: Ушу саньшоу боюнча мелдеште Туратбек Сулайманкул уулу күмүш медаль жеңип алды

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында бүгүн, 22-майда ушу саньшоу боюнча мелдеште Кыргыз спортчусу Туратбек Сулайманкул уулу күмүш медалдын ээси болду.

48 килограмм салмак ченинде мушташкан Туратбек Сулайманкул уулу финалда түркиялык Мехмед Демириге жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Кыргыз мушкер өлкөбүздүн капчыгына 5-күмүш медалын алып келди.

Эскерте кетсек, Ислам тилектештик оюндарына 57 мамлекеттен спортчулар барып катышууда. Бүгүн, 22-майда мелдештин жабылуу аземи орун алмакчы. Ал эми Кыргыз спортчуларынын мелдештин алкагындагы таймашуусун акыркылардан болуп Туратбек Сулайманкул уулу жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kairylbaimyn..
2017-05-22 13:32:42
Азаматсын кумуш медалын кут болсун.
+1
grace
2017-05-22 16:07:09
Азамат! Кыргызымдын керегине жараган сыймыктуу уулу экенсиң, куттуктайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан