Бишкекте 28-май күнү жол кырсыктарына коомчулуктун кɵңүлүн буруу максатында #ҮнүбүзЖетишҮчүнҮнКатпайбыз аталышындагы жүрүш өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү Айгерим Үсөнова билдирди.
Анын айтымында, жүрүш 28-майда саат 11:00дɵ башталмакчы, жүрүштүн маршруту боюнча учурда мэрия менен макулдашуу жүрүп жатат. "Бул иш-чара жол кырсыгынан каза болгон адамдардын санынын өсүп жатканына айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн көңүлүн буруу, өлкөнүн ар бир жаранына өз жоопкерчилиги жөнүндɵ ойлонууга түрткү берүү максатында уюштурулууда", - деди Үсөнова.