Өкмөттө "Аккула" ат майданын реконструкциялоонун эскиздик долбоору көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда "Аккула" ат майданын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда ат майдандын толук реконструкциялоонун эскиздик долбоору көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Сунушталган жаңы долбоорго ылайык, ат майданда көрүүчүлөрдүн орундары 10 миң орунга кеңейтилген. Премьер-министр ипподром эл аралык стандартка дал келиши керектигин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жана Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине "Аккула" ат майданын реконструкциялоо долбоорун аягына чыгарып, өкмөттүн кароосуна кайрадан жиберүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбеков жогоруда аталган ат майданга барып, абалды жеринен көрүп, бул багытта бир нече ирет жыйын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга ат майданды оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seryi-Kardinal
2017-05-22 19:49:55
Бизге да көрсөтпөйсүңөрбү эскизин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан