Аламүдүндө 15 жаштагы баланы бычактап кетишти

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ГЭС-2 көчөсүнүн аймагында 2002-жылы туулган жергиликтүү тургун бир нече жолу бычакталып, ооруканага жетпей каза болду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Асылбек Токтомушев билдирди.

Кечээ, 21-майда саат 22:30 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жаш баланы белгисиз адамдар бычак менен сайып кеткендиги тууралуу телефон чалуу түшкөн. Аламүдүн райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, окуяны иликтөөгө алган. Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр качып кетишкен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Учурда издөө иштери уланып жатат”, - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maku88
2017-05-22 17:33:56
Куда катается мир
-16
Artur555
2017-05-22 18:08:49
maku88, куда катится мир-деп жазылат! Орусчаны туура жазалбагандан кийин кыргызчале жазгылачы айланайындар. Катается деп жазбай
+15
lovekgash
2017-05-22 19:31:02
Artur555, а балким Т9 болушу мумкунда, ар-бир эле жан жанылышат, билбей туруп, сындабай эле койсон жакшы болмок...
+6
Artur555
2017-05-22 19:35:59
lovekgash, кыргызча эле жаза бербейби! Т9 п9 дей бербей сен дагы. Жазсын кыргызча, орусчасы тугонуп калса
+4
Kroxa
2017-05-22 23:23:16
Artur555,супердин кабарын кыргыздар эле окуйт десен орус болуп кетишет тим эле жаны киргиз ХХХ..
+1
Alibay
2017-05-22 17:44:11
Азыр адамдардын жини башкача келчу болду окшойт.Эртенкини ойлобой жашап жатабыз.Эми бул эмне кылганы жаш баланы жайратып,озу да тиги жакта жайрайт.Ушунун баарына компьютердик оюндар,интернеттеги турдуу нерселер,жана адабий китеп окубаган кондой мээбиз,жетишпеген тарбия ,козомолдун жоктугу себеп деп ойлойм.
+6
kychan.98
2017-05-22 18:21:11
Ээхх байкуш.он гулунун бир гулу да ачыла элек кеттин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан