Унаасынын дөңгөлөгү жарылган Бишкектин тургуну мэрияга 3 жолу арыз жазган соң акчасын өндүрүп алды

Унаасынын дөңгөлөгү жарылган Бишкектин тургуну Бакытбек Абдуллаев мэрияга 3 жолу арыз жазган соң акчасын өндүрүп алды. Бул тууралуу ал өзү интернеттеги баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, быйыл 10-мартта кечинде Панфилов көчөсү менен түндүктү көздөй (Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосу) унаасы менен баратып жолго калтырылган чоң таштардын айынан дөңгөлөгү жарылып, жараксыз болуп калган.

"Ал жолдо айдоочулар үчүн эскертүү да жок болчу, жарык да күйүп-өчүп турган. Эртеси күнү түштө ошол жерге барсам дагы деле ошол таштар ордунда турат. 2 жолу айтканымдан кийин таштарды алдырдым. Жараксыз болуп калган дөңгөлөктүн акчасын төлөп бересиз деп ошол жердеги бригадирге айтсам, күнөөсү жок экенин айтты", - деп жазды Абдуллаев.

Ошондой эле ал Панфилов көчөсүндө Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жай жасап жатканын, аткаруучу фирма "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы экенин билдирген. Бакытбек Абдуллаев мэриянын жол коопсуздугун эске албай иш алып барганы үчүн зыян тартканын белгилеп, аларга арыз менен кайрылган. 30-мартта мэрия атайын комиссия түзүп, шаар тургуну тарткан зыянды акчалай төлөп берүү чечимин чыгарган. Комиссиянын чечимин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы убагында аткарбагандыктан, Бакытбек Абдуллаев апрель жана май айларында Албек Ибраимовго кайрадан кайрылган. Натыйжада 17-май күнү ага Бишкек шаардык мэриясы дөңгөлөгү үчүн 2300 сом төлөп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Muzik
2017-05-23 10:20:57
Азамат экенсиз,болот экен го.
+15
NARYNGRAD
2017-05-23 10:22:32
Базар жок, ушундай арыз жазып, доонду ондургонго да нерв керек, менин да бир донгологум жолдогу так эле ушундай ташка тилинип жараксыз болгон.
+14
bakan
2017-05-23 10:34:21
Эми ал 2300сомго донголок келбейт да
-4
Ronaldo.99
2017-05-23 10:36:28
Мына законду биле турган адам.Молодец
+11
azatbek19995
2017-05-23 15:13:31
уят эле козунду текшертип ооруканга жат тезирек болбосом балонун эмес эмкисинде де машинан жары лат
эми жолду карап айдасында таштын устуно айдабай
-5
Kroxa
2017-05-23 16:00:08
Толотуп албай эле журобуз го мындай жолдор толуп эле алат.мододец толотуп алганы жакшы..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан