Бишкектеги "Дыйкан" базарын жабуу иштери башталды

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги "Дыйкан" базарын жабуу иштери башталды. Учурда атайын бетон тосмолору коюлууда. 100дөн ашуун тартип сакчылары, Патрулдук милициянын кызматкерлери абалды көзөмөлдөөдө. Ал эми базардын жабылышына нааразы болгон соодагерлер чогулуп жатышат.

Мындан тышкары Бишкек шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдогу чачылган таштандыларды тазалашууда. Базардын ичиндеги жүк ташуучу унаалар чыгарылууда.

Эске салсак, буга чейин "Дыйкан" базарынын соодагерлери базардын жабылышына каршылык билдирип, бир нече жолу митингдерди уюштурушкан. Бишкек шаарынын мэриясы "Дыйкан" базары 24-мартта жабылат деп маалыматты жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tyty1990
2017-05-23 23:23:26
Кайран гана кыргызым. Ал базардан канча адам ырыскысын таап жемек. Эми алар кайда барат.
+4
omuke8993
2017-05-23 23:34:44
кайда көчүрүлдү бул базар ошондо
0
Ulan2601
2017-05-23 23:48:37
Туура кылат кичине шаарды тазалаш керек айылдан айырмасы жок болуп калган Дордой моторс Сары озон базарлар коп шаардын четинде ошо жака барат Дыйкан базарга барсан пробка эрте менен барсан обедте чыгасын
+2
aytunuk
2017-05-24 00:50:18
карапайым элди суйроп эле жургону баткен базардан дыйкан базарга кочургон эми дагы кочурот бекен
0
dina1983-19
2017-05-24 02:24:26
Бир бизнесмендин иши жүрүшпөй жаптыда дыйкан базарды.
-1
zarlyk2211
2017-05-24 04:29:06
Шаарды тазалап турганы жакшы, бирок ошол жерден үй-бүлөсүн баккан адамдарга шарт түзүп бериш керек.
+2
Seryi-Kardinal
2017-05-24 07:00:47
Эң сонун болуптур пробка кылбай. Дордой моторско көчүп баргыла эми баардык шарттары бар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан