24-майга караган түнү Бишкектеги "Дыйкан" базарында иштеген 11 адамды милиция кызматкерлери күч менен кармап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда кармалган соодагерлердин бири Гуля Курамаева билдирди.
"Биз базардын жанында турганбыз. Бир убакта эле "буга чейин базарды жабууга тоскоолдук кылып келген лидерлерди кармагыла" деген буйрук болду. 4 эркек 7 аялды кармап автобуска салып милиция бөлүмүнө алып келишти. Бул күнү биз эч кандай мыйзам бузуп тоскоолдук жараткан жок элек. Кечки саат 23:00дөн бери кармалып турабыз", - деди Курамаева.
Эске салсак, кечээ, 23-май күнү түнкү саат 22:30дан баштап, "Дыйкан" базарын жабуу иштери башталган.