Манас жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөк жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматынан башкармалыкка учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан өтмөктүн бир тарабын ачуу сунушу түшкөн. Бул сунуш жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген.
"Сунуш бизге түшкөн. Бүгүн Патрулдук милиция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте өтмөккө барып, жеринде маселени карайбыз. Өтмөктүн бир тарабы жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылат, оңдоо иштери жүрүп жатканда өтмөктү этабы менен ачуу варианты каралып жатат", - деди Ибраимов.
Эскерте кетсек, буга чейин шаардагы өтмөктөрдүн курулушу 4 ай аралыгында курулуп бүтөрү кабарланган.