Бишкек шаарынын жашоочулары 30-50 жыл жашаган дарактардын кыйылып жатканына нааразычылык билдирип, Мэриянын алдына чогулушту. Алар колдоруна "Дарактардын кыйылышына каршыбыз" деген плакаттарды көтөрүп алышкан.
Нааразычылыкка чыккандар шаардык мэрия бактарды кыюуда негизсиз иш алып барып жатканын айтып чыгышты.
"Шаардык мэрия жашоочулар менен кеңешип да койбой, жолдорду кеңейтүү шылтоосу менен бактарды кыйып жатат. Эртеңки келечек муундарыбыз булганган аба менен дем алабы? Биз тез аранын ичинде бактардын кыйылуусун токтотууну талап кылабыз", - деп билдирди шаар тургуну Гүлнара Журабаева.
"Балдар булганыч аба менен дем алып аллергияга чалдыгып жатышат. Дагы 10 жылдан кийин ар кандай оорулар көбөйөт", - дейт шаар тургуну Мария Бакирова.