Бишкек шаардык мэрия: "Быйыл электрондук база түзүлүп, дарактардын саны такталат"

Бишкекте чирип, куураган дарактар алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда SUPER.КG порталына Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков билдирди.

"Жергиликтүү жашоочулардын арызынын негизинде ушул күнгө чейин 900дөй дарак кыйылды. Буга чейин чирип, куурап калган дарактар калың карды көтөрө албай унаалардын үстүнө кулаган учурлар катталган. Быйыл жаз алды менен 6 миң көчөт отургузулду. Жылдын аягына чейин кошумча 3-5 жылдык, 5-6 метр узундуктагы 10 миң даана көчөт отургузабыз. Буга чейин "Жашылдандыруу" ишканасы дарактардын санын эсепке алган эмес. Мындан ары бул кызмат жаңы электрондук базаны түзүп алардын санын тактайт", - деп билдирди Исаков.

Эске салсак, буга чейин шаар ичиндеги дарактардын кыйылышына нааразы болгон шаар тургундары Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан