Саясатчы Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына анын кеңешчиси Шайырбек Маматокторов билдирди.
Анын айтымында, Келдибеков өзү туулуп-өскөн Алайда эл менен жолукканы барган. Ал жердин аксакалдары, эли аны колдоп президенттикке аттануусун сунуштаганда Келдибеков президенттик шайлоого катышарын айткан. Саясатчынын жанында Камчыбек Ташиев болгон.
Эске салсак, 2016-жылы 30-ноябрда Бишкек шаарында саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров биригип жатышканын коомчулукка жарыялашкан. Анда биригүүнүн максаты - 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга даярдануу экенин айтышкан. Үчөөнүн бири талапкер боло тургандарын билдирген.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, социалдык фонддун мурдагы башчысы Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "коррупция" беренелери боюнча соттолуп, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.