Сапар Исаков "Таза коом" долбоорунун аталышы жана максаттары тууралуу айтып берди

"Коомубузду коррупциядан тазалоо үчүн долбоорду "Таза коом" деп атаганбыз", - деп бүгүн, 30-майда аталган долбоорго арналган эл аралык конференцияда президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, "Таза коомдун" негизги максаттарынын бири өлкөнүн ар бир айылына интернетти жеткирүү жана сапаттуу интернет байланыштар менен камсыздоо. "Долбоордун дагы бир максаты - жарандарга мамлекеттик тейлөө кызматтарына узун кезекке турбай, үйдөн отуруп онлайн түрүндө төлөөгө шарт түзүү. Мындан тышкары долбоордун алкагында билим берүү тармагына байланыштуу өзгөрүүлөр 5-6 жылдын ичинде ишке ашары күтүлүүдө. "Таза коомго" бийликтин бардык бутактары, жарандык активисттер, жеке ишкерлер кирет. Мамлекеттик органдардын ачыктыгы боюнча учурда Кыргыз өлкөсү 35-катарда турат, ал эми бир нече жыл мурун ачыктык боюнча кыргыз бийлиги 90-катарда болчу. Мындай өсүү өлкөдө болуп жаткан реформалардын аркасы менен болууда", - деди Исаков.

Ошондой эле ал долбоорду ишке ашыруу үчүн эмне керек экенин айтты. "Таза коомду" ишке ашыруу үчүн саясий эрк талап кылынат. Бирок ар бир ири долбоор чоң каражаттарды талап кылат. Ошон үчүн биз атайын траст фондун түзүүнү сунуштайбыз", - деп кайрылды иш-чаранын катышуучуларына Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан